23 апрель 2025
Кароолор: (22)
МЭР ӨЗБЕКСТАНГА КЕТИП ЖАТКАН ЖАШ СПОРТЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛЫП, ИЙГИЛИК КААЛАДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев, каратэ-до боюнча Өзбекстанда өтүүчү "Uzbekistan Open" эл аралык мелдешине катышуу үчүн аттанган жаш спортчулар менен жолугуп, ийгилик каалашты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков спорт - жаштарды дени сак жашоого үндөө менен бирге кылмыш-кырсыктардан алыс болуусуна өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ошондой эле, шаар бийлиги спортчуларды ар дайым колдоп келээрин айтып, Өзбекстандан жеңиш менен кайткан спортчуларга да сыйлыктар бериле тургандыгын убада кылды.
Белгилей кетсек "Uzbekistan Open" эл аралык мелдешине Жалал-Абад шаарынан 4 машыктыруучу, 28 спортчу катышат. Спорттук иш-чара 24-28-апрель күндөрү өтөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз