08 июль 2024

Кароолор: (73)

МЭР ОРУС-КЫРГЫЗ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИРГЕ ЖАҢЫ ПАРКТЫН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен Ш.Абдраманов көчөсүндө курулуп жаткан жаңы парктын курулушунан кабар алып, курулуш боюнча бир топ маселелерди талкуулашты.

Аталган парк мурдагы экопарктын ордуна курулууда. Анын жалпы аянты 8.16 гектарды түзөт.

 Паркта коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тенниси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле, спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары болот.

 Аталган парк орусиянын каржылык колдоосу менен курулууда.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз