23 январь 2025

Кароолор: (251)

МЭР МУНИЦИПАЛДЫК БАЗАРДЫН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

 21-январь күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 22,5 гектар аянтты ээлеген муниципалдык базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар башчысы базарды куруп жаткан кытайлык компаниянын өкүлдөрүнө курулуштун сапатына олуттуу көңүл бурууга чакырды.

 Жаңы муниципалдык базар мурдагы “Телтору” атмайданынын ордуна курулууда. Анын жалпы аянты 22,5 гектарды түзүп, бул жайда кийим-кече, азык-түлүк, үй-тиричилик буюмдары сатылат. Мындан сырткары, базардын аймагында заманбап автобекет, кампалар, унаалардын тетиктерин сатуучу жана унааларды оңдоочу, жуучу жайлар каралган. Эң негизгиси унааларды токтотуучу жайлары да абдан кенен болуп, базарга келгендерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

 Базардын курулушун Кытай Эл Республикасынын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясы жүргүзөт. Базардын курулушуна 57 млн. доллар инвестиция тартылууда. Ал эми курулуш иштери эки жыл аралыгында бүткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз