05 сентябрь 2025
Кароолор: (31)
МЭР МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮП, БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жаңы административдик имаратта мекеме-ишканалардын жетекчилерине алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда кышка карата даярдык, курулуштарды күн сууктаганга чейин бүткөрүү, шаар күнүнө даярдык көрүү сыяктуу орчундуу маселелер талкууланып, шаар башчысы жеринде жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, күнү-түнү шаардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан жетекчилерге ыраазычылык билдирип, ошону менен катар коррупциялык иштерден алыс болуп, мыйзам чегинде гана иш алып баруу зарылдыгын эскертти.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз