08 июль 2024

Кароолор: (22)

Мэр медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 4-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

 Шаар мэри куттуктоосунда: "Сиздер адамдын баа жеткис байлыгы болгон өмүрүн сактап, калкыбыздын ден соолугуна кам көрүп келесиздер. Өз кесибизиңдерге берилип, талыкпаган эмгегиңиздер менен күн-түн дебей эл үчүн жасаган ак эмгегиңиздерге таазим этебиз"-деп белгилеп, медицина кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалады.

 Жалал-Абад шаарында 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 9 ФАП, кеңеш берүү, дартты аныктоо, тиш дарылоо, кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмдөрү, Жалал-Абад облустук клинникалык ооруканасы, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасы, облустук Р.Г.Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борбору бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз