13 апрель 2023
Кароолор: (56)
Мэр математика предмети боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков математика предмети боюнча эл аралык олимпиадада ийгиликке жетишкен Алихан Сооронбаевди жана Мухаммад Гуламжановду кабыл алып, жаш математиктерди ийгилиги менен куттуктады.
Шаар мэри “илимдердин падышасы” аталган математика сабагы татаал жана терең түшүнүктү камтыган билим экенин белгилеп, татыктуу таалим-тарбия берген ата-энелерине жана мугалимдерине терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, ийгилик жараткан окуучулар Жалал-Абад шаарындагы “Илим” жеке менчик мектебинин 4-классында билим алышат. Алар математика сабагы боюнча мектеп окуучулары арасында онлайн түрүндө өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага катышып, натыйжада Алихан Сооронбаев күмүш медалга ээ болсо, Мухаммад Гуламжанов коло медалга ээ болуп, ушул жылдын июнь айында Америкада жана Сингапурда өтүүчү эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо утуп алышкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз