07 октябрь 2025

Кароолор: (27)

МЭР КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

 Бүгүн, 6-октябрь күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын 2025-2026-жылдагы күз, кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча тиешелүү жетекчилерге жыйын өткөрдү.

 Жыйындын жүрүшүндө мекеме-ишканалардын жетекчилери өз тармактары боюнча күз, кыш мезгилдерине карата даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

 Шаар башчысы Эрнисбек Ормоков кыш мезгилинде социалдык мекемелерди жана калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу башкы милдет экендигин белгилеп, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле кышка карата жетиштүү даярдык көрбөгөн жетекчилерге чара көрүлө тургандыгын эскертип, белгиленген мөөнөттө даярдык көрүү тапшырмасын берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз