07 май 2025

Кароолор: (15)

МЭР КҮН САЙЫН ТАҢКЫ СААТ ЖЕТИДЕН БАШТАП КУРУЛУШТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨРҮП, ТИЕШЕЛҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРҮҮДӨ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер менен бирге шаардагы курулуштарды жеринде көрүп, жетекчилерге жана курулушту ишке ашырып жаткан компаниялардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берүүдө.

 Шаар башчысы эс алуу күндөрү болуп жаткан кыдыруулар натыйжалуу болоорун белгилеп, дем алыш күндөрү да иштеп жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

 Эрнисбек Ормоков кыдыруу учурунда шаардын негизги көчөлөрүнүн көрктөндүрүү иштери менен жана Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда шаарды көрктөндүрүү иштери солгун экендигин белгилеп, жетекчисине бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, жаңыдан курулуп жаткан №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайынын курулушу, Горький көчөсүнө асфальт төшөө иштеринин жүрүшү, бокс академиясынын курулушу, Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен мэриянын жана жаңы борбордук аянттын курулуш иштерин жеринде көрүп, курулуштар белгиленген мөөнөтүндө, сапаттуу болуп бүткөрүлүшү зарылдыгын белгиледи.

 Курулуштарды кыдыруу уланып жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз