28 март 2024
Кароолор: (109)
МЭР КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН СЫРТЫН СҮРӨТ МЕНЕН КООЗДОГОН СҮРӨТЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калааны көрктөндүрүүгө салым кошкон сүрөтчүлөр Асан Жузбаев менен Мирлан Жолоевди кабыл алды. Анда калаадагы көп кабаттуу үйлөргө эстетикалык көрк бергендиги үчүн ыраазычылык баракчаларын тапшырып, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Аталган сүрөтчүлөр Спутник аймактык башкаруусундагы эки көп кабаттуу үйгө Раатбек Санатбаев менен Манас баатырдын кыркы чоросун кошуп сүрөтүн тартышкан.
Бул демилге шаардык кеңештин депутаты Канат Турдукулов тарабынан демилгеленип, каражат жергиликтүү бюджеттен жумшалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз