16 июнь 2025

Кароолор: (39)

МЭР КОММУНАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРГЕ ЖАҢЫ УНААЛАРДЫН АЧКЫЧТАРЫН ТАПШЫРДЫ

 Бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине, "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгына, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына, Жол башкармалыгына, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жалпы 19 даана автоунаанын ачкычын тапшырды. Алардын эки даанасы жергиликтүү бюджеттен алынса, калган 17 даанасы Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу сатып алынды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын коммуналдык мекемелерине Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жалпы 32 даана атайын техника сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүн алардын 17си келди. Алдыда дагы 15 атайын техника келиши күтүлүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз