02 октябрь 2023

Кароолор: (220)

Мэр калаадагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алып, карыялар күнү менен куттуктады

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффандан кабар алып, 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Шаар мэри кылым жашаган ардагерге ден соолук каалап, жергиликтүү бийликтин атынан белек тапшырды. Ошондой эле, шаар бийлиги согуш ардагеринин бардык муктаждыктарын чечип, ар тараптуу жардам берүүсүн уланта турганын белгиледи.

 Эскерте кетсек, жергиликтүү бийлик бүгүн калаадагы жалгыз бой, аз камсыз болгон карыялардан кабар алып, майрамдык белектерди тартуулады.

 Жалал-Абад шаарында пенсия курагындагы 9426 жаран бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз