12 июнь 2025

Кароолор: (40)

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнөлүк кубокто жана Бишкек шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште байгелүү орундарды багындырган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, ийгиликтерди каалады.

 Эрнисбек Ормоков өлкөбүздүн намысын коргоп, туусун бийик желбиреткен спортчулар Жалал-Абад шаарынын гана эмес, Кыргызстандын сыймыгы экендигин белгилеп, алардын ар дайым ийгилик жаратышына тилектештигин билдирди.

 Арменияда өткөн самбо боюнча дүйнөлүк кубокко Жалал-Абад шаарынан 3 балбан катышкан. Алардын арасынан күжүрмөн самбо боюнча 98+кг салмактак Таласбек Нуралиев 2-орунду багындырса, 79кг салмакта Курманбек Замирбек уулу 3- орунду ээлеген.

 Ал эми Бишкек шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште кармоо урушу боюнча Нуртилек Төрөгулов чемпион болду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз