05 август 2024

Кароолор: (57)

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

  2-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ушул жылдын июнь айында Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында 87 кг салмактагылар арасында 1-орунду ээлеп, алтын медаль уткан Асан Жанышовду жана ушул эле чемпионатта 77 кг салмакта күч сынашып, 2-орунду багындырып, күмүш медалга ээ болгон Эрлан Марс уулун, Тайландда өткөн Азия биринчилигинде 44 кг салмакта 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган Абуллазиз Моминовду, Россиянын Якутск шаарында өткөн "Азия балдары" оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 44 кг салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган Абдуллах Абдулходжаевди кабыл алып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Шаар мэри жыл сайын спортчуларга жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоолор, акчалай сыйлыктар берилип келе жатканын белгилеп, мындан ары да спортчулардын өлкө желегин бийик желбиретишине тилектеш экенин билдирди.

 Белгилей кетсек, ийгилик жараткан спортчулар шаардагы спорт мектептеринде тарбияланышат. Аларды Чыңгыз Пиримкулов, Шадыбек Сулайманов, Камолдин Абдуллахожаевдер машыктырып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз