30 май 2025
Кароолор: (27)
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков спорттун кол күрөш, алыш бел боо күрөшү, каратэ WKF, бокс, жиу-житсу боюнча өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыздаган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады.
Шаар мэри ийгилик жараткан спортчулар Жалал-Абад шаарынын гана эмес, өлкөбүздүн сыймыгы экендигин билгилеп, аларды терс жолдордон алыс болуп, башкаларга ар дайым үлгү болууга чакырды. Ошондой эле, спортчулардын жараткан ийгилигинин артында машыктыруучулардын жана ата-энелердин эмгеги зор экендигин кошумчалап, аларга ыраазычылык билдирди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз