04 сентябрь 2023
Кароолор: (49)
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков спорттун ар кайсы багыты боюнча ийгилик жараткан спортчуларды жана машыктыруучуларын кабыл алды.
Жеңиш менен кайткан спортчулардын арасында Белоруссия мамлекетинде өткөн КМШ оюндарында бокс боюнча Мухаммедазиз Закиров жана Зафар Камилов күмүш медаль тагынышкан. Ал эми студенттер арасында дүйнө биринчилиги Екатеринбург шаарында өтүп, анда Нурадин Рустамбек уулу бокс боюнча алтын медаль уткан. Мындан сырткары, Уфа шаарында бел боо күрөшүү боюнча дүйнө чемпионаты болуп, анда Жалал-Абад шаарынан барган Мадина Кожоярова коло медаль тагынса, Өмүрбек Гапаров күмүш медалдын ээси болгон. Дал ушундай ийгиликтерди багындыргандардын арасында самбо боюнча Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнө кубогунда Бекболсун Керимбеков жана Замирбек уулу Курманбек коло медаль тагынышкан.
Аталган спорчуларды калаа мэри Эрнисбек Ормоков куттуктап, белектерди тапшырды. Ошондой эле, өлкөбүздүн желегин желбиреткен спортчуларды жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоосун мындан ары да улантаарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында спорт тармагына алгылыктуу көңүл буруулар бар. Алсак, ушул тапта калаадагы №1 кесиптик лицейдин имараттары спорт интернатына даярдалып жатат. Мында спортчуларды спорттун олимпиадалык түлөрүнө даярдоого бүт шарттар каралат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз