30 апрель 2025

Кароолор: (38)

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Өзбекстанда өткөн каратэ-до боюнча «Uzbekistan Open» эл аралык турниринде ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, белектерди тапшырды.

 Турнирге Жалал-Абад шаарынан 29 спортчу катышкан. Алардын 16сы байгелүү орундарга жетишкен. Тактап айтканда, 7 спортчу 3-орунду ээлесе, 6 спортчу 2-орунду багындырган. Ал эми Артур Назарбеков, Динара Бекназарова жана Эмир Абдижалилов 1-орунду ээлеген.

 Шаар мэри жаш спортчулардын жетишкен ийгилиги Жалал-Абад шаарынын гана эмес, жалпы мамлекеттин сыймыгы экенин билгилеп, спортчуларга жана алардын машыктруучуларына ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз