18 апрель 2025

Кароолор: (20)

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы №1 Михаил Бабкин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин окуучуларын, алардын ата-энелерин жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевди кабыл алды.

 Аталган мектептин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева 2025-жылдын 25-мартында Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада математика предметинен 1-орунду багындырышкан.

 Шаар мэри окуучуларды жараткан ийгилиги менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ошондой эле, мыкты кыздарды тарбиялап, жакшы окуусуна шарт түзгөн ата-энелерине жана мугалимдерге ыраазычылыгын айтты. Ал эми Альбина менен Айлиндин билим аркылуу дүйнөнү багындырып, Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуштарына тилектештигин билдирди.

 Белгилей кетсек Дубай шаарында өткөн Эл аралык олимпиадага 8 мамлекеттен 3000 ден ашуун окуучу катышкан

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз