13 апрель 2023

Кароолор: (50)

Мэр Хан-Арык сел каналын тазалоо жана үстүнө курулган имараттарды бузуу тапшырмасын берди

Бүгүн, 13-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы жана шаардагы тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен шаардагы Хан-Арык сел каналын көрүп чыкты. Кыдыруу учурунда шаар башчысы тийиштүү мекемелерге аталган каналдын үстүнө курулган курулуштарды буздуруу жана сел каналдын ичин тазалоо тапшырмасын берди. Ошондой эле, сел коркунучун жоюу максатында каналды кеңейтип, темир-бетон куурларын орнотуу зарылдыгын белгиледи.

 Белгилей кетсек, Хан-Арык сел каналы 5 чакырымды түзөт.