26 сентябрь 2024

Кароолор: (26)

МЭР ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛГОН АСАН ЖАНЫШОВГО АРГЫМАК БЕЛЕК КЫЛДЫ

 25-сентябрда Жалал-Абад шаарынын аэропортунан Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча 20 жаштагы спортчулар арасында Дүйнө чемпиону болгон Асан Жанышовду тосуп алышты.

 Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, спортчунун жакындары, күйөрмандары катышты.

 Шаар мэри спортчуну ийгилиги менен куттуктап аргымак белек кылды. Ошондой эле, алдыда Олимпиада чемпиону болушуна тилектештигин билдирип, ата-энесине жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.

 Асан Жанышов Кыргызстандын жаштар арасындагы (U-20) грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү. Ал 2-сентябрда Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинкилер арасында, 87 кг чейинки салмакта Дүйнө чемпиону болгон.

 Эске салсак, Асан Жанышов 2023-жылы Иорданияда өткөн Дүйнө чемпионатында коло байгеге татыган. Ал Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде тарбияланат. Аны Шадыбек Сулайманов жана Чыңгыз Пиримкулов машыктырып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз