14 март 2023
Кароолор: (214)
Мэр эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаадагы Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин англис тили боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынган 7-класстын окуучусу Элнурбек Аскарбековду, күмүш байге уткан 10-класстын окуучусу Марлен Орозалиевди жана коло медалга ээ болгон 10-класстын окуучусу Теңизбек Токтомушевди кабыл алды. Шаар мэри окуучуларды жана аталаган лицейдин эмгек жамаатын куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.
Олимпиада Англияда өтүп, ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышкан. Олипиада онлайн түрдө өткөрүлгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз