08 апрель 2025

Кароолор: (39)

МЭР ДМИТРОВКАДАГЫ АЙЫЛ ЧАРБА БАГЫТЫНДАГЫ ЖЕРГЕ КУРУЛГАН КУРУЛУШТАРДЫ БУЗУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков админстративдик-аймактык реформанын алкагында өткөн жылы шаарга кошулган Дмитровка айылына барды. Шаар башчысы аталган айылдагы айыл чарба багытындагы 5,6 гектар жер аянтына мыйзамсыз курулуштарды куруп алган жашоочулар менен жолукту. Анда айыл чарба багытындагы жерге өз билемдик менен курулуш куруу мыйзамга каршы келээри эскертилип, 10 күндүн ичинде жергиликтүүлөрдү курулуштарды бузууга чакырды. Эгерде белгиленген мөөнөттө талап аткарылбаса, курулуштар мэрия тарабынан буздурула турганды эскертилди.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков аталган айылдагы мыйзамсыз курулуштарды тактап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле, аталган айылга социалдык, объектилерди куруу, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

 Белгилей кетсек, Дмитровка айылындагы үлүш жерлерге курулуштарды куруу админстративдик-аймактык реформа менен аталган айыл шаарга өткөнгө чейин жүргүзүлгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз