19 июнь 2023
Кароолор: (68)
Мэр БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Гравени кабыл алды
Бүгүн, 19-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында туризм багытын өнүктүрүү, билим берүү тармагы боюнча маселелер талкууланып, бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Антье Граве БУУнун алдыдагы 5 жылдагы приоритеттүү багыттарына токтолуп, ага саламаттыкты сактоо, билим берүү, жашыл экономика, биологиялык ар түрдүүлүк, гендердик теңчилик кирээрин белгиледи. Ал эми калаа башчысы жергиликтүү бийлик шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн тыгыз иштешүүгө ар дайым даяр экенин белгиледи.