05 сентябрь 2025
Кароолор: (29)
МЭР БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ, ИШКЕРЛЕРГЕ ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРГЕ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

4-сентябрда жаңы административдик имараттын жыйындар залында ыктыярчылар, мекеме-ишканалар жана жеке ишкерлер сыйланды.
Анда мэриянын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата даярдалган иш-чарага активдүү катышкандыгы жана шаардын өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн ыйгарылды.
Сыйлыктарды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып, майрамды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жана шаардын социалдык-экономикалык
жактан өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары
үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29-30-август -
Эгемендүүлүк майрамы республикалык деңгээлде чоң масштабда белгиленген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз