23 июнь 2025
Кароолор: (28)
МЭР БАЗАРЛАРДАГЫ СООДАГЕРЛЕР ЖАНА МЕНЧИК ЭЭЛЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

20-июнь күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, базарлардагы соодагерлер жана менчик базарлардын ээлери менен жыйын өткөрдү.
Шаар мэри жыйында соодагерлерге базарлардагы санитардык талаптарды жана өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертип, алардын кайдыгерлигинен бир нече жолу базарларда өрт кырсыгы катталганын белгиледи.
Ошондой эле, 2026-жылдын май айында Мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен 22 гектар жер аянтына курулуп жаткан жаңы базар пайдаланууга берилсе, шаардагы бардык базарлар ал жака көчүрүлүп, соодагерлерге ортомчуларсыз түз бериле тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 19-июнь күнү, "Береке" базарында өрт чыгып, 2100 чарчы метрди түзгөн соода жайлары өрттөндү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз