26 декабрь 2024
Кароолор: (46)
МЭР БАЛДАРДЫН ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНДЕГИ БАЛДАРДЫ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын жаңы жылдык балаты майрамына катышып, белектерди тапшырды.
Шаар мэри мында тарбияланган өзгөчө балдар коомдун ажырагыс бөлүгү экендигин белгилеп, аларды ар дайым колдоп, ден соолуктарын чыңдоого аракет көргөн мекеменин жетекчилигине жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирди.
Майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков да катышып, балдарды жаңы жылдык балаты майрамы менен куттукташты.
Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 137 бала тарбияланат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз