16 август 2023

Кароолор: (61)

Мэр бала бакчанын эмеректерине демөөрчүлүк кылган ишкерге ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 16-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "АРОЙЛ ГАЗ" ЖЧКнын жетекчиси Алексей Ивочкинди кабыл алып, билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды. Аталган ЖЧКнын жетекчиси Жалал-Абад шаарындагы №19 Иманалы Сатыбаев атындагы мектептин мурдагы имаратында ачылып жаткан бала бакчага 2 миллион сомго чукул каражатка эмеректерди алып берген.

 Белгилей кетсек, №19 Иманалы Сатыбаев атындагы мектебинин окуучулары "Бахрейн" социалдык шаарчасындагы жаңы имаратка көчүрүлүп, мектептин мурдагы имаратын 185 орундуу бала бакча катары ишке киргизүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз