05 апрель 2023

Кароолор: (56)

Мэр Бабкин көчөсүнүн жашоочулары менен жолукту

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кеңейтилүүсү пландалып жаткан Бабкин көчөсүнүн жашоочулары менен жолукту. Жолугушууда жолду кеңейтүү учурунда турак жайы, тосмолору буздурула турган жана жери жолго туура келген жарандарга компенсация төлөп берүү боюнча маселе талкууланып, келген жашоочулар бир добуштан жолду кеңейтүүгө макулдугун беришти.

 Шаар мэри жолду кеңейтүү учурунда буздурула турган объектилер боюнча көз карандысыз баалоочулардын эсептөөсү боюнча каражат төлөп берилээрин белгилеп, жагдайды түшүнүү менен кабыл алган шаар тургундарына ыраазычылык билдирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз