01 апрель 2025

Кароолор: (97)

МЭР АЗИМКАНОВ КӨЧӨСҮН КЕҢЕЙТҮҮДӨ КУРУЛУШТАРЫ БУЗУЛА ТУРГАН ЖАШООЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

 31-март күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Аттокур Азимканов көчөсүндөгү кеңейтүү иштерине байланыштуу курулуштары буздурула турган жашоочулар менен жолукту.

 Шаар мэри курулуштары буздурула турган 42 турак жайдын ээсине жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүп бериле тургандыгын белгилеп, жергиликтүү тургундарга курулуштарын бузуу үчүн 10-апрелге чейин убакыт берди.

 Белгилей кетсек, Аттокур Азимканов көчөсүн кеңейтүү учурунда (шаарга тиешелүү бөлүгүндө) 51 объект бузула тургандыгы аныкталган. Алардын 42сине компенсация төлөнөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз