31 декабрь 2024

Кароолор: (46)

МЭР АРДАГЕРЛЕР АРАСЫНДА ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРГАН КАЙРАТБЕК ТУРДАЛИЕВДИ КУТТУКТАДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эркин күрөш боюнча ардагер спортчулар арасында Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатында 1-орунду багындырган Кайратбек Турдалиевди кабыл алып, ийгилиги менен куттуктады. Шаар башчысы Кайратбек Турдалиев жаш спортчуларга үлгү болуп, Кыргызстанда спорттун эркин күрөш түрүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткандыгын белгиледи.

 Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өткөрүлгөн Кыргызстандын ачык чепионатында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекистандын жана Орусиянын ардагер спортчулары катышкан. Аталган чемпионатта Жалал-Абад шаарынан барган Кайратбек Турдалиев 100кг салмакта биринчи орунду багындырган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз