01 июль 2025

Кароолор: (17)

МЭР “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” АЛГАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

 30-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин, мугалимдерин кабыл алып, ийгиликтери менен куттукташты.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков билимдүү жаштар - өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайлардан татыктуу таалим-тарбия алыштарына тилектештигин билдирди. Ошондой эле, Ардак грамоталарды, ыраазычылык баракчаларды жана акчалай белектерди тапшырды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан жалпы 1383 окуучу 11-классты аяктаса, алардан 4 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болуп, бул көрсөткүч менен Жалал-Абад шаары өлкөдө Бишкек шаарынан кийин экинчи орунду камсыздады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз