20 май 2025
Кароолор: (32)
МЭР "ЖЕҢИШ" ПАРКЫН ТЕКШЕРИП, АТТРАКЦИОНДОРДУ ЖАНА СООДА КҮРКӨЛӨРҮН БУЗДУРУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Жеңиш" эс алуу багын тиешелүү жетекчилер менен биргеликте кыдырып, аталган парктагы ижарачылар менен жеринде жыйын өткөрдү.
Шаар башчысы аталган парктагы аттракциондор 1980-1990-жылдары чыгарылгандыгын айтып, дээрлик барысы талапка жооп бербей тургандыгын, коопсуздук эрежелери сакталбагандыгын белгилеп, бул боюнча тиешелүү мекемелердин чечими да бар экендигин кошумчалады.
Мындан сырткары, парктагы соода күркөлөрүндө санитардык нормалар да сакталбаганын белгилеп, аттракциондорду жана соода күркөлөрүн буздуруу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, аталган парктагы ижарачыларга башка парктарда заманбап, жаңы аттракциондорду орнотууга уруксат берилет. Ал эми "Жеңиш" паркы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ишкерлер тарабынан 2,5 млн. долларга толугу менен жаңыланып, ушул жылы эгемендүүлүк майрамында кайрадан пайдаланууга берилет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз