01 апрель 2025

Кароолор: (76)

МЭР "ЖАШЫЛ МУРАС" УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА 100 ГЕКТАР АЯНТКА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУ ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ

Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге 40 миң көчөт отургузулуп жатат. Бүгүн, 31-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бак тигилип жаткан аймакка барды. Көчөт отургузуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков да катышып, жетекчилер менен биргеликте көчөт тикти.

 Жайыт жерди токойго айлантуу максатында мында жаңгак, өрүк, бадам, сосна көчөттөрү олтургузулду.

 100 гектар жер толугу менен тосмолонгон. Жайыт жер болгондуктан сугарууда көйгөй жаралышы тууралуу Камчыбек Ташимевге маалымат берилди. Маселе жеринде чечилип, үч ай аралыгында тамчылатып сугаруу системасын жолго коюу тапшырмасы берилди, ага жалпы 37 млн. сом каражат жумшалат жана анын булактары да такталды.

 Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын алкагында, "Жашыл мурас" программасын толугу менен ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.

 Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы өткөн 2024-жылы 1650 гектар жерге көчөт тиккен. Ал эми 2025-жылы 2500 гектар жерге көчөт отургуузу пландалган. "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында жайыт жерлерди токойго айлантуу, ошол эле учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында ишке ашып жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз