26 март 2025

Кароолор: (69)

МЭР "СЕЛ-АРЫК" КАНАЛЫНЫН ҮСТҮНӨ КУРУЛГАН КУРУЛУШТАРДЫ БУЗДУРУУ, ЖЭЭГИНДЕГИ ОБЪЕКТИЛЕРДИН МЫЙЗАМДУУЛУГУН КАРАП ЧЫГУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРД

 25-март күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Сел-Арык" каналынын үстүнө жана жээгине курулуш куруп, каналдын айланасын тосуп алган шаар тургундары менен жолугуп, аталган каналды жеринде көрүп чыкты.

 Шаар башчысы сел кырсыктарынын алдын алуу максатында "Сел-Арык" каналынын үстүнө курулган курулуштарды буздуруу, ал эми анын жээгиндеги курулуштардын, тосмолордун мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз