29 май 2023

Кароолор: (50)

Мэр "Миссури" университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушту

 Бүгүн, 29- майда калаа башчысы аталган окуу жайдын вице-проректору, профессор Мэри Стегмайер баштаган профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин кабыл алды. Жолугушууда Жалал-Абад шаарынын билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү, аракеттери боюнча маалымат берилди.

Калаа башчысы ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүдө чет өлкөлөр менен болгон мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип, жаштардын билим сапатын жогорулатууда "Миссури" университети менен Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайларынын кызматташуу аракеттерин колдоого алаарын белгиледи.

Мындан сырткары, коноктор калаа мэринин жүргүзүп жаткан иш- аракеттери боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышып, шаарда аткарылып жаткан жана алдыда жасалуучу иштер боюнча маалымат алышты.

 Учурда аталган университет менен Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык окуу жайлары кызматташып келет.

 АКШнын "Миссури" мамлекеттик изилдөө университети 1839-жылы негизделген. Ал Миссури штатынын Колумбия шаарында жайгашкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз