10 май 2024

Кароолор: (54)

МЭР 38 ЖЫЛДАН БЕРИ КУРУЛУШУ БҮТПӨГӨН МАСАДАН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

 8-май күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков админстративдик-аймактык реформанын алкагында Жалал-Абад шаарына кошулган Масадан айылындагы №44 Фуркат атындагы мектепке барды. Аталган мектептин имараты 1986-жылы демөөрчүлөр тарабынан башталып, 2017-2018-жылдары республикалык бюджеттен курулуш иштери улантылып, ушул мезгилге чейин жалпы суммасы 78 млн. 417,3 миң сом бөлүнгөн. Бирок, курулуш иштери “Кулжа” ЖЧК тарабынан толук аягына чыгарылбай келүүдө.

 Мектептин учурдагы абалы менен жеринде таанышкан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, келечек ээлери болгон окуучулардын мындай шартта билим алуусуна жол берилбестигин белгилеп, тийиштүү жетекчилерге курулушту тез арада сапаттуу кылып бүткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, аталган мектептин курулушун мындан ары жеке көзөмөлүнө ала турганын кошумчалады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз