15 август 2024

Кароолор: (55)

МЕКТЕПТЕРДИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАНА КЫШКА КАРАТА ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРҮҮ УЛАНУУДА

  14-августта тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерүүсүн улантты.

Кыдыруу учурунда айрым кемчиликтер аныкталып, комиссия курамы тарабынан жеринде эскертүүлөр берилди.

 Алдыда мындай текшерүү улантылат.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 муниципалдык мектеп бар. 2024-2025-окуу жылына карата мектептердеги оңдоп-түзөө, актап-сырдоо жумуштары үчүн республикалык бюджеттен 9,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз