15 август 2025
Кароолор: (27)
МЕКТЕПТЕРДИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган комиссия курамы, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшеришти.
Белгилей кетсек, мектептерди актап-сырдоо, жаңы окуу жылына карата даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 12 млн. сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 7 млн. 298 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Жалал-Абад шаарында жалпы 29 муниципалдык мектеп бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз