07 август 2023
Кароолор: (70)
Мектептердин жаңы окуу жалына карата даярдыгы текшерилди

Бүгүн, 7-августта Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү адистер менен биргеликте шаардагы меткептердин актап-сырдоо, оңдоп түзөө иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Комиссиялык топтун кыдыруусунда оңдоп-түзөө иштеринде айрым кемчилдиктер орун алганы байкалып, жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Гүлбарчын Таштанбекова шаардагы мектептердин класстык бөлмөлөрү, ашкана, спортзалдары толугу менен акталып-сырдалып, жаңы окуу жылына даяр болуусу керектигин белгиледи. Белгилей кетсек, мектептерди актап-сырдоо, жаңы окуу жылына даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 1млн. 600 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2млн 500 миң акча каражаты бөлүнүп берилген.
Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз