23 сентябрь 2024

Кароолор: (83)

МЕКТЕПТЕРДЕ ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН, ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык иш-чаралар өтүүдө. Ага мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

 Иш-чаранын алкагында окуучуларга зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, кылмыштуулуктун алдын-алуу жана болтурбоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 Белгилей кетсек, алдыда мындай иш-чаралар шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлмөкчү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз