20 февраль 2023

Кароолор: (33)

Мектептерде окуучулар менен алардын ата-энелерине «Фин-чилистен» сынагы өткөрүлүүдө

 Шаардагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинде 3- 4-класстагы окуучулар жана алардын ата-энелери арасында “Окуу Керемет!” долбоорунун алкагында, «Фин-чилистен» сынагы өттү.

Сынак 5 этаптан турган тапшырмалар менен каштолду. Алар: өз колу менен акча топтоочу буюм (копилка) жасоо, топтун атын коргоо, акча чогултуу боюнча кеңештерди берүү, "сом" бирдиги тууралуу суроолор жана “Биздин каржылык абалыбыз кандай?” деген суроого жооп берүү.

Сынактын негизги максаты башталгыч класстын окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каржыны башкаруунун жолдорун үйрөтүү болуп саналат.

Мелдешти соңунда катышкан ата-энелерге мектеп жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз