09 декабрь 2022
Кароолор: (252)
Мектептер менен бала бакчалардагы көйгөйлөр талкууланды

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова шаардагы муниципалдык мектеп менен бала бакчалардын жетекчилерин кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Анда жылуулук, парта менен олтургучтардын эскилиги, суу түтүктөрүн аламаштыруу, ашкана, балдар ойноочу аянтчалар жана спорт зал көйгөйлөрүн чечип берүү жагын суранышты.
Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова айтылган көйгөйлөрдү 2023-жылы жергиликтүү бюджеттен чечип берүүга аракет көрүлөөрүн белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз