09 апрель 2025

Кароолор: (36)

МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНИТАРДЫК АБАЛЫ, БАЛДАРГА БЕРИЛҮҮЧҮ ТАМАК-АШТАРЫ ТЕКШЕРИЛДИ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, шаардык кеңештин депутаттарынан, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган комиссия Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын, азыктардын сакталуу тартибин текшерди.

 Рейддин жүрүшүндө айрым билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

 Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз