23 октябрь 2024
Кароолор: (100)
МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ

22-октябрда Админстративдик аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 балдар бакчасынын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия текшерди.
Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.
Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз