25 январь 2023
Кароолор: (145)
Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы жыйынтыкталды
Бүгүн, 25-январь күнү Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Эрнист Зияйдинов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын шаардык этабына жалпы 527 окуучу катышып, 62 окуучу 1-2-3-орундарга татыган. Алардын ичинен 38 окуучу алдыда облустук олимпиадага катышат.
Белгилей кетсек, аталган олимпиадага Жалал-Абад шаарындагы 18 муниципалдык, 6 жеке менчик мектеп жана лицейлердин окуучулары катышты
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз