12 февраль 2025

Кароолор: (167)

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА "КЫЙЫЛГАН ӨМҮР" СПЕКТАКЛИ КӨРСӨТҮЛДҮ

 Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театры тарабынан мектеп окуучуларына Курманбек Ниязбековдун калемине таандык “Кыйылган өмүр” аттуу спектакли көрсөтүлдү.

 Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана мектеп окуучулары катышты.

 Аталган спектакль жаштарды кылымштуулуктан, ар кандай наркотикалык заттардан алыс болуп, татыктуу таалим-тарбия алууга үндөйт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз