04 март 2025
Кароолор: (84)
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ШИИБдин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жалал-Абад шаарынын мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында окуучуларга ШИИБдин убактылуу кармоочу жайы, аймактык тескөөчүлөрдүн боди-камералар менен иш алып баруусу, кылмыш-кырсыктардын алдын алуу жана кылмышкерлерди аныктоо максатында коюлган камералардын иштөөсү көрсөтүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты - өспүрүмдөр арасындагы кылмыш-кырсыктардын, зордук-зомбулуктун, аптекалык наркоманиянын жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз