06 май 2024

Кароолор: (76)

Мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча республикалык спартакиаданын областтык туру өттү

Жалал-Абад: Мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча республикалык спартакиаданын областтык туру өттү

 Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп- гимназиясында 10-11-класстарынын окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча республикалык спартакиадасынын облустук туру башталды.

Спартакидага Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген 10 команда күч сынашты. Алардын арасында Жалал-Абад шаарындагы №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясынын командасы да катышты.

 Сынакта командалар аскердик саптык даярдык, граната ыргытуу, автоматты толук эмес чачуу жана жыйноо, турникке тартынуу, 1 чакырым аралыкка чуркоо боюнча күч сынашты. Анын жыйынтыгы менен 1-орунду Кара-Көл шаарынан келген "Мурас" командасы ээледи. Ал эми шаардын атынан катышкан №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясынын командасы 2-орунду камсыздады.

 Облустук турда 1-орунду багындырган команда республикалык турга катышат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз