04 июль 2023
Кароолор: (61)
Медреселерге рейд жүргүзүлдү

3-июль күнү Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү. Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, санэпид көзөмөл борборунун, өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Алар медреселерге, мечиттерге коюлган талаптардын аткарылышын кароодон өткөрүштү. Алардын айрымдарында көп санда балдардын окутулуп жаткандыгы аныкталып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.
Алдыда шаардагы мечит, медреселер менен катар алар уюштурган жайкы лагерлерге да рейд жүргүзүлмөкчү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 37 мечит, 22 намазкана, эки балдар, эки кыздар медресеси жана бир окуу борбору бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз