04 июль 2025
Кароолор: (36)
МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛИРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

3-июлда Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, медицина кызматкерлери катышты.
Иш-чарада жетекчилер медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттукташып, сыйлыктарды тапшырышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз