15 май 2023

Кароолор: (51)

М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясына кошумча корпус курулуп жатат

 Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында 3 кабаттан турган, 375 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Курулуш 2022-жылы башталган. Учурда имараттын 34%ы аяктап калды.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине ѳтѳ кооптуу абалдагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын жаңы окуу корпусун куруу иши киргизилген болчу. Ага 75 млн. 317 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз